ДОЛБООР ЖӨНҮНДӨ

Бул долбоордун максаты – жарандык коомдун жергиликтүү өкүлдөрү, университеттер жана мектептер менен биргеликте адам укуктарын коргоо жана демократиялык процесстерди колдоо ишмердигин кыргыз коомунун ар кайсы катмарларында жүргүзүү, ошондой эле бул жаатта иштеген адамдарды окутуу. Жергиликтүү шартты эске алуу менен түзүлгөн бул программа үчүнчү сектордогу жана жарандык коомдогу өнөктөштөрдүн адам укуктары боюнча аң-сезимдүүлүгүн өстүрүп, тийиштүү кадамдарды жасоого мүмкүндүк берет.

Жаштар (бейформал бирикмелердин мүчөлөрү, студенттер жана гимназисттер) менен иштешип, долбоор аларды ар ким адам укуктары жагынан колдоо табууга, коомдун өнүгүшүнө салым кошуу мүмкүнчүлүгүн бере турган заманбап маалымат каражаттарына таянууга кызыктырат. Долбоордун алкагындагы ишмердик 2015-2016-жылдарда жүргүзүлүүдө.

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АДАМ УКУКТАРЫНА БАЙЛАНЫШКАН КЫРДААЛ

Кыргызстанда адам укуктарынын айрымдары, биринчи кезекте сөз жана басма сөз эркиндигин, ошондой эле азчылыктардын укуктарын камсыздоо менен байланышкан маселелер бар. Жарандык эркиндиктер рейтингине ылайык, бул өлкөнүн коому «жарым-жартылай эркин» деп эсептелет.

Кыргызстанда православие жана ислам диндери жанаша жашайт, ал эми саясий жактан кечээки советтик коомдун салттары менен катар кыйла демократиялуу мамлекеттик түзүмгө умтулуу да байкалат. Бул мамлекет 1991-жылы Советтер Союзу кыйраганда эгемендикке жетишкен. Ошол кезден тартып демократия жана адам укуктарына байланышкан кырдаал акырындык менен жакшырып келген, бирок, башка көптөгөн постсоветтик мамлекеттер сыяктуу эле, артка кеткен учурлар да бир нече ирет болгон.

2005-жылдагы «Жоогазын революциясынын» натыйжасында авторитардык президент кулатылды, бирок демократиялык тажрыйбасы аз мамлекеттерде боло жүргөндөй, коррупция өзүнөн өзү жоюлуп калган жок. Кыргыз Республикасы расмий түрдө демократиялуу мамлекет болуп саналат, бирок күнүмдүк турмушта сөз жана басма сөз эркиндиги саясий күчтөрдүн таасирине жараша чектелген жагдайлар да бар. Өлкөдө өзбек улутундагы азчылыктардын укуктарын камсыздоого, ошондой эле аялдардын жана жыныстык азчылыктардын абалына байланышкан маселелер сакталууда.

2013-жылы кыргыз парламенти кабыл алган мыйзам боюнча 23 жашка жете элек аялдар чет өлкөгө ата-энелеринин же камкорчу адамдардын коштоосуз барганга укуксуз болуп калды. 2014-жылдан тартып жыныстык азчылыктардын укуктарын коргогон же бул теманы козгогон адамдарды жазага тартууга жол ачылды. Саясий чечимдерде кошуна мамлекеттердин да таасири сезилет.

Freedom in the World түзгөн рейтингге ылайык, Кыргызстан жарандык эркиндиктердин абалы боюнча «жарым-жартылай эркин» өлкө макамын алган, б. а. мүмкүн болгон 100 упайдан 38ине жеткен (салыштырсак, Эстония – 94 упай). Ошентип, Кыргызстан адам укуктарын коргогон жана жарандык эркиндиктерди камсыздаган кыйла ачык өлкө болуу багытында илгерилөө үчүн дагы далай тоскоолдуктарды жеңип, кыйынчылыктардан өтүшү зарыл.

КЫРГЫЗСТАН ЖӨНҮНДӨ ФАКТЫЛАР

• ДОЛБООРДУН ӨНӨКТӨШТӨРҮ

Partners
Projekti rahastab Välisministeerium arengu- ja humanitaarabi vahenditest.

ӨНҮГҮҮ МАКСАТЫНДА КЫЗМАТТАШУУ ДЕГЕН ЭМНЕ

Өнүгүү максатында кызматташуу же колдоо (development co-operation) – бул өнүгүп бараткан өлкөлөргө каржылык жардам көрсөтүүнү, ноу-хау (техникалык көмөк) жана материалдык жардам берүүнү билдирүүчү жалпы термин. Өнүгүү максатында кызматташуу кош тараптуу да, көп тараптуу да кызматташтык тартибинде жүзөгө ашырылат.

УЛАНТЫП ОКУҢУЗ